• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кытайдагы казактардын укугун коргогон уюм каттоодон өттү

26 Аяк оона 2019 9:00 Бишкек Govori.TV

Шинжаңдагы казактардын куугунтукталышы боюнча маалымат топтоп жүргөн “Ата Журт ыктыярчылары” уюму Алматы шаарынын Юстиция департаментинин каттоосунан өттү. Бул тууралуу уюмдун жаңы жетекчиси Ербол Даулетбек билдирди.

Уюм буга чейин бир нече жолу аракет жасап, бирок каттоодон өтө алган эмес. Буга байланыштуу активисттер сентябрда Юстиция департаментин сотко берген.

– 12-сентябрда департаментти сотко бергенибиз тууралуу басма сөз жыйынын өткөрдүк. 14-сентябрь күнү бизди департаментке чакырышып, айрым жоболорду өзгөртүү керектигин, ошондон кийин каттоого алышарын айтышты. Биз “эгер каттоого алсаңыздар арызыбызды кайтарып алабыз” дедик. Мына, катталганыбыз тууралуу күбөлүктү колубузга алдык, – деди уюмдун жетекчиси.

“Ата Журт ыктыярчылары” уюму 2017-жылдан бери Шинжаңдагы аз улуттун өкулдөрүнүн кысымга алынышы тууралуу маселелерди көтөрүп, туруктуу иштеп келет.

Уюмдун мурдагы жетекчиси Серикжан Билаш “кастыкты козутуу” айыбы менен беш айдан ашык убакыттан бери үй камагында. Билашка 280 доллар өлчөмүндө айып пул салынган жана жети жылга чейин коомдук уюмдарды башкарууга тыюу салынган.

Шинжаңда миңдеген адамдар, алардын арасында казактар жана кыргыздар ”саясий тарбия берүүчү лагерлерде” кармалып жатканы тууралуу кабар 2017-жылдан тартып белгилүү боло баштаган.

Количество просмотров: 69