Ош облусунун Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагында баасы 52 млн. 800 сомду түзгөн 10,56 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМК маалыматына караганда, аталган жер тилке Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагындагы балдар лагерин куруу үчүн бөлүнгөн.
1992-жылы балдар лагери бардык жабдуулары менен кошо Ош тамеки комбинатына сатылып, Төлөйкөн тамеки заводунун карамагына өткөрүлгөн. Эми “Ош-Дубек” ишканасы аталган жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттин карамагына өткөрүп берди.