• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кытайдан келген гумжардам республиканын түштүгүнө жөнөтүлдү

10 Чын куран 2020 11:30 Бишкек Govori.TV

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кытайдан келген гуманитардык жардам республиканын түштүгүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кытай Эл Республикасынан келген гуманитардык жардамды бөлүштүрдү. Бир жолку комбинезондордон, медициналык көз айнектен, бир жолку стерилдүү хирургиялык кол каптардан жана бахилалардан турган топтомдор (200 топтом) Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Сузак жана Ала-Бука райондорундагы медицина кызматкерлерине берилди.

«Ошондой эле 300 даана инфракызыл термометр Ош шаары жана Ош облусуна, 200 даана Жалал-Абад облусуна, 100 даана Баткен облусуна таратылды», — деп айтылат маалыматта.

Кытайдан келген гуманитардык жардамга төмөнкүлөр кирет: медициналык кызматкерлер үчүн жалпы суммасы 640 000 кытай юаны же болжол менен 7 млн 690 миң сомго эсептелген ПЧР-диагностикалоонун реагенттери, жеке коргонуу каражаттары (бир жолку комбинезондор, термометрлер, медициналык көз айнектер, кол каптар жана бахилалар). Мындан мурда Кыргыз Республикасына COVID-19 дартын аныктоочу 21 000 даана экспресс-тест берилген.

Количество просмотров: 209