• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кытайдан келген кыргыз студенттери изоляцияга алынды

28 Үчтүн айы 2020 14:09 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 28-январда эртең менен Кыргыз Республикасына Үрүмчү шаарынан 6 кыргызстандык студент келген. Алар Үрүмчү шаарындагы (Кытай Эл Республикасы) Синьцзян университетинде окушат.

Учурда алар Ысык-Атадагы клиникалык оорукананга 10 күндүк изоляцияга жаткырылды. Аларды дене табы жайында жана өздөрүн жакшы сезишүүдө. Бул тууралуу Govori.TVга коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө үчүн түзулгөн ыкчам штабдан кабарлашты.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги Кытай Эл Республикасынын жождорунда окуган Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Зарылдыкка жараша кыргыз жарандарын эвакуациялоо маселеси иштелип чыкты.

 

Количество просмотров: 1567