• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кытайдан келген вакцина канча адамды эмдөөгө жетет?

11 Теке 2021 16:07 Бишкек Govori.TV

Калкты эмдөө боюнча ыкчам ишти уюштуруу максатында 11-июлда Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 млн 250 миң дозасы келди. Аны тапшыруу аземи Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортунун имаратында болуп өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, КЭРдин Кыргызстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айым жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов белгилегендей, 1 млн 100 миң доза республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган, 150 миң доза кытай тарабынан акысыз берилген.

Марипов мындан тышкары ушул эле өлчөмдө Sinopharm вакцинанын кошумча партиясын сатып алуу маселеси каралып жаткандыгын белгилеп, жарандарды вакцина алууга үндөдү.

«Келген вакцинаны бардык региондорго эпидемиологиялык кырдаалга жараша бөлүштүрүлөт. Кайра 1 млн 250 миң доза вакцина сатып алууну мерчемдеп жатабыз. Вирусту жеңүүнүн бирден-бир жолу вакцина»,-деди Марипов.

Кошумчалай кетсек,1 млн 250 миң доза вакцина 625 миң адамды эмдөөгө жетет.

Теги:
Количество просмотров: 115