• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Кытайдын коргоо министри Ли Шанфу кызматтан алынды

25 Тогуздун айы 2023 9:05 Бишкек Govori.TV

Кытайдын коргоо министри, генерал Ли Шанфу кызматынан алынып, Мамлекеттик кеңештин катарынан чыгарылды.

Кытайлык маалымат каражаттары шейшембиде кабарлагандай, андай чечимди Эл өкүлдөрүнүн бүткул кытайлык курултайдын комитети кабыл алды. Министрди кызматтан алуунун себеби айтылган жок. Анын ордуна ким келери да белгисиз.

Ли Шанфу августтун аягынан бери элдин алдына чыкпай калган. Ага чейин Орусия жана Беларуска барып кеткен. Батыштагы медиа анын кызматтан четтетилгенин, паракорлукка байланыштуу тергөө жүрүп жатканын жазып келишкени менен расмий Бээжин аны бышыктап же четке каккан эмес.

South China Morning Post басылмасы Ли Шанфу ушундай жагдайда иштен алынган экинчи өкмөт мүчөсү экенин белгилейт. Буга чейин Кытайдын мурдагы тышкы иштер министри Цин Ган июлда кызматтан алынарга чейин көпкө эл алдына чыкпай калган. Бир айдан кийин гана анын отставкасы расмий тастыкталган.

Ли Шанфу АКШнын санкциялык тизмесинде болчу.

Количество просмотров: 111