• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Кытайлардан баштап түкүрүккө чейин каралат…

8 Үчтүн айы 2019 11:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.01.2019.Govori.TV.

7-ноябрда митинге чыккандар аталган нааразылык акциясын 17-январда уланта турганын маалымдашты. Уюштуруучулардын бири, жарандык активист Аманбол Бабакуловдун билдиргенине караганда иш чарада үч талап каралат.

Биринчиси, кытайлык жарандардын Кыргызстанга эсепсиз киришине мораторий жарыялоо.

Экинчиси, курамы мамлекеттик кызматтардан, жарандык активисттерден жана укук коргоо органдарынан турган комиссия түзүп, каттоо кызматындагы буга чейин жарандык алган кытайлыктардын эсебин тактоо жана мыйзамдуулугун текшерүү. Үчүнчүсү, кытайлык инвесторлор иштетип жаткан тоо-кен байлыктары тууралуу маселени кароо.

Нааразылык иш чарасында ошондой эле акыркы мезгилде коомчулукта кызуу талкууга алынып жаткан административдик айып пулдарга карата маселе дагы каралмакчы тактап айтканда, иш чаранын катышуучулары айып пулдарды талап кылуудан мурун жарандарга коомдук жайларда тиешелүү шарт түзүлүшү керек экендигин айтышат.

Количество просмотров: 28