Кытайлык кыргыздардын учурдагы абалы боюнча талкуу өтөт
Кытайлык кыргыздардын учурдагы абалы боюнча талкуу өтөт
29 Жетинин айы 2018 9:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 29.11.2018. Govori.TV
Бүгүн, 29-ноябрда Бишкектеги «Достук» мейманканасында кытайлык кыргыздардын азыркы абалы боюнча коомдук талкуу өтөт. Мындай маалыматты уюштуруучулар билдиришти. Иш-чарага Кытайда камакка алынган кыргыздардын жакындары катышат.
Буга чейин Кытайда жакындары камакка алынгандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп, бул маселе парламентте да көтөрүлгөн. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков текшерүү жүрүп жатканын маалымдаган.
Буга чейин Шинжандагы «кайра тарбиялоо лагерлеринде» 50 миңдей кыргыз кармалып жатканы айтылган. Алардын арасында профессор Мамбеттурду Мамбетакун, академик Аскар Жунус, редактор Кабылкан Садыктар да бар экени жазылган.