«Кыял» элдик кол өнөрчүлүктүн улуттук бирикмеси» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схемалар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган бирикменин кызмат адамдары жана жооптуу кызматкерлери жеке баюу максатында базардын ишкерлеринен жана соодагерлеринен системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу схемасын уюштуруп алышкандыгы аныкталган.
«Сот органдарынын чечиминин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз ижарага берүү үчүн акча чогултуунун далилдери табылып, ошондой эле, «Кыял» ишканасы коммерциялык-өндүрүштүк жайларын расмий каттоосуз 12 миң долларга мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Мекемелер аралык комиссия түзүлүп, мамлекетке келтирилген чыгымдын так суммасы аныкталууда», — деп айтылат маалыматта.
УКМК тарабынан кылмышка шектүү катары «Кыялдын» мурдагы директору А.Э.Э., базардын контролерлору О.У.А., Н.у.Н. жана Ж.у.А., ошондой эле аталган коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар А.А.А. жана А.Э.М. кармалган. Алар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Белгилүү болгондой, ошондой эле, соода жайларын жабдууда өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу фактылары аныкталган. Ал материалдык гана эмес, калк арасында да курмандыктарга алып келиши мүмкүн.
2021-жылдын күз айларында өрт коопсуздугунун бузулушунан улам «Кыял» базарында өрт чыгып, өрттүн жалпы аянты 100 чарчы метрди түзүп, 17 павильон күйүп кеткен.





