• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыз жигитинин тили менен эринин тиштеп үзүп алган

12 Жетинин айы 202514:22 Бишкек Govori.TV

Манас шаарында 26 жаштагы жигит оозу жана тилинин бир бөлүгү үзүлүп, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканага түшкөн. Бул тууралуу turmush.kg басылмасы жазды.

Алдын ала маалыматка караганда, жигит менен 18 жаштагы кыз өбүшүп жаткан учурда кыз кокусунан жигиттин илебин жана тилинин учун тиштеп алган.

«Тилдин астынкы бөлүгү тигилди. Бейтаптын абалы туруктуу, сүйлөп, тамак ичип жатат. Тилдин болжол менен 30 пайызы, алдыңкы илебинин 40 пайызына чейин жабыркаган», — деп билдирген облустук клиникалык оорукананын бет-жаак хирургия бөлүмүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 8-ноябрда Манас ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жалал-Абад облустук ооруканасынан кабар келип түшкөн. Бул факт Манас ШИИБдин кылмыштар жана жоруктарды эсепке алуу журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Териштирүү маалында белгилүү болгондой, С. уулу Н. Манас шаарынын 2006- жылы туулган тургуну А.Ж. аттуу кыз менен сүйлөшүп жүргөн. Алар досунун тоюна чогуу барып, спирт ичимдиктерин ичишкен. Кийин өбүшүп жаткан учурда кыз жигитинин тилинин жана астынкы илебинин бөлүгүн тиштеп үзүп алган.

Учурда Манас ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан 1999-жылы туулган С. уулу Н.га карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери улантылууда.

Количество просмотров: 747