• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыздары кымбат кыргыздын

21 Үчтүн айы 2019 17:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.01.2019. Govori.TV


Үстүбүздөгү жылдын 17-январында кытай миграциясына каршы өткөн митингде, бир канча талаптарга кошулуп кыргыз кыздарына үйлөнгүсү келген чет эл  жарандары мамлекетке акча төлөшү керек деген талап айтылган.

Мурун мындай сунуш кошуна өлкөлөр Казакстан менен Тажикстанда дагы болуп келген. Ал эми жабык өлкө эсептелген Түркменистанда бул мыйзам азыркыга чейин иштеп келет. Мындай мыйзамдын терс жагын байкаган Швеция өлкөсү учурда башка улуттарга үйлөнүүгө уруксат берген. Ал тургай шведдерге келин же күйө бала болуп калсаныз абдан жылуу кабыл алаары белгилүү.

Аталган сунуш тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары өз ойлорун билдиришти. Эл өкүлү Зиядин Жамалдинов бул сунуштун туура эместигин айтат.

Депутат Эмил Токтошев, кыргызстан эркин мамлекет. Андыктан мындай көрүнүштөр биздин өлкөгө жат көрүнүш деп эсептейт.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен  Маматалиев бул сунуштун оң жана терс жактарына токтолду.

Количество просмотров: 35