• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Саламаттыкты сактоо министрлиги гемодиализ кызматын кымбат сатып алган

19 Бештин айы 2018 9:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.12.2018. Govori.TV

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу» мыйзамдын бузулушу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу укук коргоо, фискалдык жана көзөмөл органдарынын жыйынында Башкы прокуратуранын жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын башчысы Гүлнара Акимбаева билдирди.


Айтымында, кылмыш иши «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кыргызстандын кызыкчылыгын эске албай келишим түзүү» беренелери боюнча козголду.


«2014-жылы Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ алып жаткан тубаса бөйрөк оорулуу бейтаптарга жардам берүү үчүн сынак жарыялаган.

Анда 5 миллион 500 миң 133 сомго контракт түзүлгөн. Андан кийин тендерсиз дагы бир 813 миң 744 долларлык контракт түзүшкөн. Саламаттык сактоо министрлиги кызматты курс боюнча 75 сомдон сатып алган, ал кезде доллардын курсу 58 сом болгон. Жыйынтыгында келтирилген чыгым 75 миллион 972 миң 966 сомду түздү», -деди Гүлнара Акимбаева.

Количество просмотров: 29