• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кенжебек Бокоев: «Казакстанда күйүүчү май Кыргызстанга салыштырмалуу 15 сомго арзан»

22 Тогуздун айы 2018 12:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.10.2018. Govori.TV
Кенжебек Бокоев Казакстанда күйүүчү май Кыргызстанга салыштырмалуу 15 сомго арзан-экенин  бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында  билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз өлкөсү Бажы союзунан пайда таппай жатат«Эмне үчүн күйүүчү майда мындай айырма бар? Эмне үчүн Бажы союзуна кирдик анда? Эмне үчүн элге эркин тартипте күйүүчү майды алып келүүгө болбойт? Өзүм Казакстандан литрин 22 сомдон куйдурдум. Бажы союзуна кирбей туруп эле Өзбекстан “зеленый коридор” статусун алды. Биз эмнеге мындай кадамга бара албай жатабыз?» — деди эл өкүлү.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргыз өлкөсүндө Казакстанга салыштырмалуу бизде күйүүчү май кымбат экенин айтып, «бирок бизде башка КМШ өлкөлөрүнөн арзан» деди.

Ал эми экономика министрлигинин маалыматына караганда, күйүүчү май Орусия менен болгон келишимдин негизинде алып келинет.
Количество просмотров: 37