• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кызды тепкичтен тоголото чапкан жаран табыла элек

1 Аяк оона 2021 13:05 Бишкек Govori.TV

Кызды тепкичтен тоголото чапкан адам бүгүнкү күндө табыла элек. Райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы маалыматты тактап жаткандыгы менен чектелүүдө.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмү буга чейин билдиргендей, караоке клубдан чыгып келе жаткан кызды бетке урган адамга «Ээнбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Окуя 29-августтун түнүндө Бишкектеги караоке клубдардын биринде болгон. Учурда комплекстүү тергөө иштери жүрүп жатат, шектүүнү кармоо үчүн издөө жарыяланды.

Караоке клубдун администраторунун милицияны чакыруу сунушунан запкы көргөн кыз баш тартып, чапкан адам күйөөсү экенин билдирген.

Буга чейин социалдык тармактарга эркек киши чыканагы менен аял кишини урганы, анын кесепетинен аял киши тепкичтен кулаган видео тараган.

Количество просмотров: 209