• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

«Кызыкдар тараптардын гана саясаты». Орунбеков аялдарга карата зомбулук тууралуу пикирин жазды

20 Жетинин айы 2023 16:11 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулук күчөгөнү тууралуу пикирин таңуулагандар дагы байкалууда. Мындай пикирин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Тилекке каршы миңден бир, өтө сейрек кездешкен кылмыштуу окуялар бар. Анда аялы сабалып, кордолгон учурлар катталууда. Мындай окуялар жалпы Кыргызстандагы эркек менен аялдын ортосундагы мамиленин көрсөткүчү жана символу эмес. Ушундай терс көрүнүштөрдү улам кайталап, талкууга алып чыгып, аны жалпы статистика катары таанытуу – кызыкдар тараптардын гана саясаты деп белгилегим келет. Аял затын мурда кандай сыйласак, мындан ары дагы аздектейбиз. Кыргыздар эч качан аялдардын укуктарын чектеген эмес. Ошон үчүн бизде Кыз Сайкал, Жаңыл мырза, Курманжан даткалар чыккан, аял сыйлаган коом бар үчүн жакынкы эле тарых — Роза Отунбаева президент болгон»,-деп жазган ал.

Мындан сырткары Орунбеков, коомдо аялдарга зордук-зомбулдук барбы же жокпу деген суроого төмөндөгүдөй далилдерди келтирген.

Кыргызстанда:

— Ар бир эркек тапкан акчасын аялына алып келет, акчаны аялдар кармайт, биз кайра аялыбыздан сурайбыз.

— Ар бир мамлекеттик кызматта иштеген эркектин көпчүлүгүнүн айлык маянасы түшкөн картасы аялында.

— Үйдө эркектер башкарат, бирок аялдардын кеңешин угабыз.

— Ар бир ата – уулдарына караганда кызын көп эркелетип, көп көңүл бурат.

— Бейиш эненин таман алдында деп, апаларыбызды өтө бийик коебуз.

— Урушту аялдар баштаса дагы — эркектер күнөөлү болуп, кечирим сурайбыз.

«Демек, кыргыздар аял затын сыйлайт, урматтайт, аздектейт, сүйөт, аяр мамиле кылат»,-деп кошумчалаган Орунбеков.

Ошол эле учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 17-ноябрда Чүй облусу боюнча Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында  сөз сүйлөп, өлкөдө аялдар менен балдарга жасалып жаткан зомбулукка каршы күрөшүү керектигин айткан.

“Мурда баланы урушуп, керек болсо токмоктоп да коёт элек. Балдарыбыз да муну туура түшүнчү. Азыр болсо баласын жаман көргөндөр кордоп, зордук көрсөтүп жатат. Аялдарын мурда бир аз какыс-кукус кылып коюшса, азыр өлтүргөнгө чейин барып кескилеп салууда. Бул коомдогу терс көрүнүштөрдүн бири. Мындай иштерди жер-жерлерде болтурбай алдын алып калса болот эле”,-деген ал.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда быйыл сегиз айдын ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8 512 факт катталган. 7 419 аялга милиция “коргонуу ордерин” берген.

Количество просмотров: 94