• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Орунбеков соцтармакка тараган маалыматты четке какты

16 Бугу 20239:29 Бишкек Govori.TV

 Жакырчылыктан чыга турган долбоор мамлекет тарабынан колдоого алынып, иштеп жатат деген маалымат жалган. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

«Анда, айына 5 миллион сом киреше тапса болоорун, ал үчүн телеграм каналга катталуу керектигин сунуштоодо. Урматтуу мекендештер, алдамчылар тарабынан жарыяланган мындай мазмундагы видеолорго ишенбеңиздер, маалымат жалган экенин эскертебиз»,-деп жазды ал.

Орунбеков кыргызстандыктарды алдамчылар тарабынан жарыяланган мындай мазмундагы видеолорго ишенбөөгө чакырат жана аталган маалымат жалган экенин баса белгилейт.

Количество просмотров: 197