• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Орунбеков: Коргонбай уулунун мандат тапшырышына Бейшеналиевдин тиешеси жок

24 Чын куран 2024 10:06 Бишкек Govori.TV

Президенттин маалымат саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Жусупбек Коргонбай уулунун мандат ташырышын саясатташтырбоого чакырды.

Анын айтымында, депутат Коргонбай уулунун мандатын тапшырышына министр Бейшеналиев экөөнүн ортосунда жаралган маселенин эч кандай тиешеси жок.

«Депутаттар менен өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда кайым айтышып кетүү учурлары буга чейин дагы, мындан ары дагы боло берет, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш. Андыктан, депутаттын өз каалоосу менен мандатын тапшырганын жогорудагы санап өткөн себептерге байланыштыруу туура эмес. Анын кетүүсү — өзүнүн башка себептерине байланыштуу тандоосу, Алымкадыр Бейшеналиев менен болгон чыр-чатактарына такыр тиешеси жок»,-деп жазды Орунбеков.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 23-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын тапшыруу боюнча арызын карап, анын ыйгарым укуктарын токтоткон.

Количество просмотров: 122