Буга чейин социалдык тармактарда мамлекет баткендик жарандарга жардам берүүдө алгылыктуу иш алып баралбай жатат деген сындар байма-бай айтылып, жабыр тарткан тарапка катыган нандар жеткизилүүдө деген маалымат айтылган.
Мындан сырткары убактылуу баш калкалоо үчүн келгендер бишкектеге Кожомкул атындагы спорт сарайынын полунда уктап жатат деген сүрөттөр чыгып кеткен.
Мындай сындарга Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Баткенден келген жарандар менен айрым учурда пикир келишпестик болгонун айтат. Анткени алардын басымдуу бөлүгү бишкектен турак жай таап берүүнү талап кылганын билдирди.