Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран тууралуу маалыматтарды ачыктады.
«Кумарбек Айсулуудан мурда дагы кыз зордуктап, зордуктоого аракет кылып, муунтуп өлтүргөн фактылар ачылып жатат. Анын курмандыктары 17 жаштан 25 жашка чейинки кыздар болгон. Такси катары келип, кыздарды унаага салып, ээн жерге айдап, колун байлап, андан кийин зомбулук жасаган. Аларды тумчуктуруп, муунтуп өлтүргөн», — деп жазды ал.




Аталган маалымат боюнча ИИМ азырынча расмий маалымат бере элек.