• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Кызыл китепке кирген маралды аткандар аныкталды

1 Жетинин айы 202115:28 Бишкек Govori.TV

Сары-Челек биосфералык коругунун кызматкерлери маралды мыйзамсыз аткан адамдардын тобун кармашты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 31-октябрда болгон. Мыйзамсыз атылган маралдын терисин текшерип, болжол менен 5 жашта экенин аныкташкан.

«Маралды Аксыдагы Аркыт айылынын 4 жашоочусу аткан. Кызыл китепке кирген жаныбардын өлүмү боюнча далил буюмдар алынып, тиешелүү чара көрүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, маралды мыйзамсыз атуу үчүн айып 1 миллион сомду түзөт, ал эми өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында айыптын өлчөмү эки эсеге көбөйөт.

Количество просмотров: 335