• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

«Маралдын» жаңы кожоюну радионун ишмердиги уланарын айтты

4 Бугу 202516:49 Бишкек Govori.TV

«Марал» иштеп жатканын өзүн аталган медианын жаңы жетекчисимин деп тааныштырган Уланбек Алыбаев «Азаттыкка» кабарлады.

«Быйыл мартта сатып алгам. Лицензиясы, уруксат кагаздары менде. Анан кечээтен баштап эле «жабылды» деп жатышат. Карыздары көбөйүп, жаңы жылга чейин эле коллективин таратып жиберишкен экен. Анан кайсы коллективди айтып жатышканын билбейм. Азыр Юстиция министрлигинин сайтына кирип, ТРК «Маралдын» жетекчиси ким экенин көрсөңөр болот. Мага сайты менен социалдык тармактарын бербей коюшкан. Мага алардын кереги деле жок, радио иштеп турса болду», — деди Алыбаев.

Анын белгилешинче радио кыргыз тилинде чыгат. Негизинен музыкалык жана маалыматтык берүүлөргө басым жасалат.

Буга чейин “Марал” радиосу башкаруу кеңешинин чечими менен ишин токтоткону, буга каржылык маселе негизги себептердин бири болгону кабарланган.

Количество просмотров: 425