Нарындын “Бугу-Марал” коругунан Жалал-Абаддын Авлетим коругуна которулган бугулар айыл аралап жүрөт. Бул тууралуу социалдые баракчага жергиликтүү жашоочу жазып чыккан.

Эске сала кетсек, Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда көп жылдан бери багылып жаткан жыйырмадан ашуун бугу-маралдын тогузу ушул жылдын 23-июнь күнү Жалал-Абад облусунун аймагына көбөйтүү максатында көчүрүлгөн.

Нарындан Жалал-Абадга көчүрүлгөн тогуз бугу-маралдын ичинен төртөө марал. Бирөө быйыл жаңы туулган музоо. Бугу-маралдарды көчүрүү иши эл аралык долбоорлордун жардамы менен ишке ашкан. Буга чейин бугу-маралдарды атайын минтип коруктарга көчүрүү аракети болгон эмес.