29-30-31-май күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалымат агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында 12-окутуу иш-чарасын өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан келген 17 айым катышты. Алардын бири Баткен облусунан келген Гулмайрам Латипова.
«Бул жактан алган билимимди башкаларга жайылтсам деген максатым бар. Тренингдин алкагында ораторлук чеберчилик, эфирде өзүңду алып жүрүү сыяктуу сессиялар абдан жакты. Окутуу иш-чарасына 7 дубандын кыйындары келиптир»,-деди Латипова.