• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Лавров Ульяновскидеги кырсыкка байланыштуу кат жолдоду

24 Баш оона 2022 16:06 Бишкек Govori.TV

Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров Ульяновск облусунда кыргызстандыктардын өмүрү кыйылган кайгылуу окуяга байланыштуу тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаевдин атына көңүл айтуу катын жолдоду. Бул тууралуу маалымат Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин расмий сайтына жарыяланды.

Катта министр жол кырсыгында жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айткан.

«Жакындарын жоготуп, кайгыга батып отурган жарандарга биздин колдоо сөзүбүздү жеткирип коюшуңузду өтүнөбүз», — деп жазылган катта.

Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны каза болуп, дагы үчөө жараат алган. Каза болгондордун бешөө Баткен, бешөө Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары.

Бир катар өлкөлөрдүн лидерлери президент Садыр Жапаровго Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен кыргызстандыктардын каза болгондугуна байланыштуу 23-августта көңүл айтышкан.

Количество просмотров: 6611