• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Лейла Саралаева Турсунбай Бакир уулун сотко берди

13 Бештин айы 202321:39 Бишкек Govori.TV

Журналист Лейла Саралаева мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулун сотко берди. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.

Журналисттин айтымында, арыз жазууга Бакир уулунун посту себеп болгон.

“Анын Фейсбуктагы эки баракчасында жалпы 30 миңден ашык катталуучу бар. Бул посттон улам мен моралдык жактан жапа чектим”, — деп жазган Саралаева.

Сөз болуп жаткан пост Бишкектин Ленин округунан Жогорку Кеңешти шайлоо өнөктүгү учурунда Фейсбукка жарыяланган. Бакир уулу менен Саралаева ушул округдан талапкер катары катталып, кийин мурдагы депутат саясий жарыштан баш тарткан.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бакир уулуна үгүт иштери баштала электе баннерлерди илип алганы үчүн эскертүү берген. Мындай чечим Саралаеванын жазган арызынын негизинде каралып, кабыл алынган.

Количество просмотров: 209