• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«Лейлек анклавда калбайт». Ташиев Ворух жана №39 протокол боюнча пикирин билдирди

31 Үчтүн айы 2022 17:59 Бишкек Govori.TV

Ворух-Хожай Ало жолу транспорттук коридор эмес. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.

«Айрым саясатчылар, блоггер чалыштарга да кайрылып кетет элем. Анан кээ бир депутаттар да ызы-чуу жаратып, туура эмес маалымат таратып жатат. Лейлек анклавда калып калат деп жатышат, Лейлек эч кандай анклавда калбайт. Мунун баары жалган маалымат. Биз ошо протоколду кабыл алып жатканда, анын аткарылышы боюнча толук механизмдерди карап чыкканбыз. Биринчиден, 39-протоколдун аткарылышы боюнча, ал жерде толук жазылып турат Ворухка жолду бериш үчүн, биринчиден ошол жолдун статусун биз аныктап чыгышыбыз керек. Анын макамы мамлекеттик келишимдин негизинде гана аныкталат. Жолдун абалы, пайдалануу жана башка пункттар өзүнчө мамлекеттер аралык келишим менен аныкталат. Лейлекти анклавга калтырбайбыз. Лейлекке кетчү эки жол болот: Ак-Сай—Рават жана Төрт-Көчө аркылуу», — деди Камчыбек Ташиев.

Количество просмотров: 486