• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Лейлекте сел жүрдү

4 Баш оона 2021 9:17 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Лейлек районунда сел жүрүп, 35 үйдү суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-август саат 17:40 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүргөн. Ак-Терек айылындагы 11 үйдү суу басып, 8 үйдүн короосун сел каптаган. Ошондой эле Ак-Суу айылындагы 2, Катраң айылынын Таңгиоозу аймагындагы 4, Калтарык аймагындагы 4 үйдүн короосуна суу кирген. Жалпысынан 21 үйдүн ичин жана короосун, 14 үйдүн чарбагын (тамарка) суу баскан.

Мындан сырткары Ош-Баткен-Исфана жолунун айрым тилкесин, Катраң-Өзгөрүш жолун сел жууп кеткен.

Учурда ӨКМдин Лейлек райондук бөлүмү тазалоо иштери жүргүзүп, жергиликтүү комиссия табият кырсыгы тарттырган чыгымдарды тактап жатат.

Количество просмотров: 94