Лейлекте социалдык тармактарда экстремисттик чакырыктарды жасап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-2021-жылдары «Одноклассник» социалдык түйүнүндө Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремистик уюмдарга таандык болгон материалдарды жайылтып жүргөн Лейлек районунун Ак-Суу айылынын 34 жаштагы К.А.аттуу тургуну кармалды.
Бул факт Лейлек РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ал эми таркатылган маалыматтарга комплекстүү экспертиза дайындалып, шектүү катары кармалган К.А. убактылуу кармоо жайына киргизилген.