• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Лейлекте жасалма авиабилет сатып жүргөн жаран кармалды

7 Бирдин айы 2024 16:58 Бишкек Govori.TV

Лейлек районунунда “Нелегал” иш-чарасынын жүрүшүндө жасалма билет сатып жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-февраль күнү милицияга Лейлек районунун жашоочуларынан 5 арыз келип түшкөн. Арызда Лейлек районунун тургундары Раззаков шаарындагы “My Travel” авиакассасынан Россия Ферерациясына учуу үчүн ар кайсы каттамдарга билет алып, бирок учуу убактысы келгенде аэропорттон алардын билети жасалма экендиги аныкталганын билдирип кайрылышкан.

Бул арыздар Лейлек РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө Лейлек РИИБдин Андарак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Сумбула айыл аймагынын Андарак айылынын 24 жаштагы А.Х. аттуу тургуну аныкталып, кармалды»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда кармалган жаран тергөө бөлүмүнө камсыздалып, жалпысанан жабырлануучуларга 127475 сом зыян келтирилгендиги такталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 191