• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Лейлекте жашоочулар жол тосту (Видео)

6 Баш оона 2021 12:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-август күнү, Лейлек районунун жашоочулары Ош — Баткен — Исфана жолун тосушту. Маалыматты Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүн басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 6-август күнү эртең менен саат 8:30дар чамасында Катраң айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылынын 50гө чукул жашоочусу Ош — Баткен — Исфана жолун тосушкан.

Жол тоскондор менен жолугуу үчүн Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов жана Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев барды. Жеринде эл менен жолугушуп, түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүү үчүн Лейлек районун акими жана тиешелүү күч органдары жарандар менен иш алып барууда.

Баткен облусундагы өкүлчүлүгүн басма сөз кызматы билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 3-август күнү саат 15:40 чамасында Катраң айыл аймагынын 25-30га жакын жергиликтүү тургундары Алмалуу тоосундагы “Апрельское АZI” алтын кенин иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгүнө нааразычылыктарын билдиришип, аталган ишкананын техникаларын таштап келе жаткан оор жүк ташуучу автоунаасын жолдон тосуп алышып, чыгарылган техникаларды кайра алып кетүүсүн талап кылышкан.

«Чогулган элдер менен Баткен ОИИБнын начальнигинин орун басары милициянын полковниги О.Кочкоров, Лейлек РИИБнүн начальниги милициянын подполковниги Б.Кундузов жана Катраң айыл аймагынын башчысы Э.Салибаевдер түшүндүрүү иштерин алып барышкан. Саат 20:10 чамасында чогулган элдердин саны 150гө чукулдап, райондун бийлик өкүлдөрүнө элдер алтын кендин иштетүүсүнө толугу менен каршылыгын билдиришип, техникаларды кайра артка кайтаруусун талап кылышкан. 4-август күнү саат 03:00 чамасында Катраң айылынын 40-50гө жакын жергиликтүү тургундары ишкананын кызматкерлерин ур-токмокко алышкан. Натыйжада 4 жаран денелеринен жараат алышкан. Ошондой эле ишканага таандык автоунаасынын алдыңкы, арткы жана оң каптал айнектери талкаланган»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган жагдай боюнча 2021-жылдын 4-август күнү Лейлек РИИБнүн КЖБРне катталып КРнын ЖКнин 265-берене (Жолдорду мыйзамсыз тосуу), 266-берене (Ээн баштык) жана 355-беренелеринин негизинде (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 108