• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Лейлектеги тургундар менен аскерлер аралашкан чыр териштирилип жатат

8 Бугу 202313:57 Бишкек Govori.TV

Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Мурас айылында жергиликтүү тургундар менен жоокерлер аралашкан калайман мушташ Аскер прокуратурасында катталып, териштирүү башталды.

Кошумчалангандай, окуянын чоо-жайы тууралуу кенерек маалымат кийинчерек берилет.

Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев мушташ турмуштук чырдан, бир-эки адамдын айынан чыкканын, кырдаал жөнгө салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирген.

Коргоо министрлиги ага караштуу аскер бөлүктүн жоокерлери аралашкан окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 99