• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ленин округундагы кайра шайлоо: БШК 5 талапкердин арызын каттады (тизме)

8 Баш оона 2023 11:49 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга арыз берген адамдарды каттоону улантып жатат.

7-августка карата беш адамды каттады, алар: Эртай Искаков, Алмаз уулу Аскар, Какчекеев Токтогул, Бакир уулу Турсунбай жана Мамаев Сулайман Шамшиевич.

Эртай Искаков аталган округдан буга чейинки шайлоого да катышкан. Ал июлдун башында Бишкектеги таза сууга байланыштуу акцияда кармалып, сентябрга чейин камакка алынган. Шайлоо өнөктүгү маалында анын бөгөт чарасы өзгөрүп-өзгөрбөсү азырынча белгисиз.

БШКнын маалыматына ылайык, кайра шайлоого катышууга 7-августка карата 20 адам арыз берген.

Количество просмотров: 91