• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ленин округундагы шайлоо: 24-талапкер арыз жазды

22 Чын куран 202313:15 Бишкек Govori.TV

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө талапкер Мадылбеков Эльдар Туратбековичтен (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз келип түштү.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде (кошуп алганда) аяктайт.

Белгилей кетсек, кайра шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт. Аталган округдан шайланып келген ЖК депутаты Жаныбек Абиров кафедеги мушташтан улам депутаттык мандатын өз арызы менен тапшырып берген.

Количество просмотров: 118