• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ленин райондук салык органында жаңы жетекчи дайындалды

11 Жалган куран 2020 15:57 Бишкек Govori.TV

Ленин району боюнча салык органынын начальниги болуп Руслан Касымов дайындалды. Дайындоо жөнүндө буйрукка 10-мартта Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду.

Жаңы жетекчи мурда Биринчи май району боюнча салык органында бөлүм начальниги кызмат ордун ээлеген.

Салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын мурунку жетекчиси 9-мартта кызычылыкка ээ тарап катары, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана жөнгө салуу боюнча өз убагында тийиштүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн ишенимди жоготкондугуна байланыштуу жумуштан бошотулган.

Количество просмотров: 139