Бишкектин Ленин райондук сотунун имаратында ЖАМКнын күзөт департаментинде кызмат өтөгөн жоокер атынып каза тапты. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.
Анда белгилүү болгондой, райондук соттун имаратына соттолуучуларды коштоп барган жоокер дааратканага кирип, “Макаров” тапанчасы менен өзүн башка аткан. “Учурда аскер прокуратурасы, ЖАМКнын ички кызматтык иликтөө бөлүмү биргеликте окуя болгон жерде изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат.
«Жоокер, 2018-жылдын апрель айында армияга Биринчимай райондук васкер комиссариаты тарабынан чакыртылган”,-деп айтылат билдирүүдө.