• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Лениндин эстелиги депутаттардын тынчын алып жатат

16 Үчтүн айы 202513:12 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеште вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Бишкектеги эски аянттагы Владимир Лениндин эстелигин алып, анын ордуна Турдакун Усубалиевдин эстелигин коюу сунушун айткан эле.

Депутат Исхак Масалиев Лениндин эстелигин алуу маселесин азырынча көтөрбөй турууга чакырды. Анын пикиринде, кыргыз мамлекетинин түзүлүшүндө Лениндин ролу чоң.

Бул суроо Интернетте мемдерди жаратууда.

Совет мамлекетин түптөгөн Лениндин эстелиги 1984-жылы Бишкектин борбордук аянтына тургузулган. 2003-жылы ал эски аянтка которулган. Оштун борборунда ушул тапта бийиктиги 25 метр болгон Лениндин айкели бар.

Ал эми сиз бул тууралуу кандай пикирдесиз?

Количество просмотров: 313