Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүндө жүрүп жаткан курулуш иштерин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасы улантат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бүгүнкү күндө курулуштун сапатына жана графиктин аткарылышына өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы коюлду.
Белгилей кетсек, Ленин көчөсүнүн узундугу 9,5 км ал эми Ж.Шералиев көчөсү 2,3 км түзөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги курулуш иштеринин аягына чейин коомчулукка үзгүлтүксүз маалымат берип турат.
Белгилей кетсек буга чейин Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин көчөлөрүндө оңдоодогу мыйзам бузуулар боюнча козголгон иштин алкагында транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев менен “Бета Групп” компаниясынын ээси Мирлан Амантуров УКМК тарабынан кармалган.
Күн мурун УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш сапары учурунда Нарын шаарындагы Шералиев көчөсүндөгү жолду жасап жаткан “Бета Групп” ишканасынын жетекчисин жана транспорт министринин орун басарын кармоо боюнча телефондон тапшырма берген болчу.