• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Лимонтиге» бычак сайган жаран Нарын ОИИБине өзү барган (сүрөт) +18

28 Жалган куран 2020 17:14 Бишкек Govori.TV

Нарында болгон оор кылмыш боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу  Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы Govori.TVга билдирди.

“28-март күнү саат 12:50 чамасында Нарын шаарында Тойота-Пассо үлгүсүндөгү автоунаасы менен Лексус 570 үлгүсүндөгү автоунаасы жол кырсыгына учураган. Анын натыйжасында эки айдоочунун ортосунда сөздөн сөз чыгып урушуп, анан бири-бирин бычак менен сайып алган. Андан соң Нарын ОИИБдин имаратына чейин кирип барып, “киши өлтүрүп алдым окшойт мына алып келдим” деп Нарын шаарынын тургуну 1995-жылы туулган Ш.М кайрылган”,- деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.

Бул факты Нарын ОИИБ тарабынан “Адам өлтүрүү” беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Количество просмотров: 37624