Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев 18-декабрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, курулушчуларга катуу эскертүү берди.
Орунтаевдин айтымында, акыркы 2-3 жылда курулуштардын мыйзамдуулугуна көзөмөл күчөду.
«Учурда тиешелүү сапат кепилдиги жок (сертификат) курулуш материалдарын да курулушка пайдаланууга уруксат берилбейт»,-деди ал.