• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ливанда рациялар жарыла баштады

18 Аяк оона 202423:12 Бишкек Govori.TV

Ливандын куралдуу тобу «Хезболла» колдонгон рациялар шаршемби күнү кечинде өлкөнүн түштүгүндө жана борбор шаар Бейруттун түштүк четинде жарыла баштаганын Reuters агенттигине коопсуздук органынан билдиришкен.

Маалымат агенттиктери Ливандын саламаттык сактоо министрлигине шилтеме жасоо менен, жалпы тогуз адам курман болуп, үч жүздөй адам жаракат алгандыгын жазып жатышат.

Ливандын мамлекеттик улуттук маалымат агенттигинин (NNA) кабарлашынча, Бекаа өрөөнүнүн түштүгүндөгү Сохмар шаарында аты аталбаган «түзүлүштөр» жарылып, үч киши набыт болгон.
Агенттик ошондой эле Бейруттун түштүк четиндеги жана Ливандын түштүгүндөгү үйлөрдө «эски пейджерлер» жарылганын кабарлайт. Жаралуулардын бир нечеси борбордогу жана Бекаа өрөөнүндөгү Баалбектеги ооруканаларга жеткирилди.

18-сентябрда «Хезболла» Израилдин артиллериялык турумдарына чабуул койгонун маалымдаган.

Кечээ 17-сентябрда Ливанда пейжерлер жарылып, 12 кишинин өмүрү кыйылган. Алардын экөө балдар экенин өлкөнүн саламаттык сактоо министри билдирген.
Бир катар маалымат агенттиктери бул операцияны Израилдин Моссад чалгын кызматы ишке ашырганын, «Хезболланын» жоочулары колдонгон пейжерлерге бир нече ай мурда жардыргыч орнотулганын, алардын айрымдары бир маалда жардырылганын, жараат алгандар арасында Ирандын Ливандагы өкүлү да бар экенин жазышкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Ливандагы жарылуулардан улам ушул аптанын соңуна чейин атайын жыйынга чогулганы жатат.

Количество просмотров: 103