• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

«Ливерпуль» – «Тоттенхэм» Чемпиондор лигасынын финалында ойношот

9 Бугу 2019 11:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.05.2019.Govori.TV.

«Тоттенхэм» Чемпиондор лигасынын 1/2 финалында «Аякс» клубу менен экинчи беттештик оюн өткөрүп, конокто 3:2 эсеби менен жеңип, финалга чыкты.

Оюндагы эсепти 5-минутада Маттейс Де Лигт ачты. Хаким Зиеш 35-минутада эсепти эки нөлгө жеткирди.

Биринчи оюнда дагы «Аякс» 1:0 эсебинде жеңишке жеткен болчу.

Бирок «Тоттенхэмдин» футболчулары аягына чейин оюн көрсөтүп, өз максатына жетишти. Лукас Моура беттештин 55′, 59′ жана 96′ минуталарында гол киргизди.

Жалпы эсеп 3:3 болуп, «Тоттенхэм» конокто көп гол киргизген көрсөткүч менен кийинки баскычка өттү.

Эске салсак, «Ливерпуль» Чемпиондор лигасынын 1/2 финалында «Барселона» клубун 4:0 эсебинде жеңип, финалга чыккан.

Турнирдин финалы 1-июнда Мадрид шаарында өтөт.


Количество просмотров: 44