• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өлкө аймагында 22 өрт кырсыгы катталды

1 Теке 202211:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде республиканын аймагында 22 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 10, Чүй облусунда 8, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 23 бөлүм тартылган.

Аламүдүн районунун Манас-Ата конушунда короодо «Мерседес-Бенц» улгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 95