• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өлкөдө 70 миң мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочу бар

4 Тогуздун айы 2020 14:46 Бишкек Govori.TV


Өлкөдө 70 миң мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочу бар. Бул тууралуу коомдук байкоочу Чолпон Өмүракунова билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 12 миңге жакын жаранга үйүндө шайлоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

«Көрүүсү начар адамдар үчүн чоңойтуп көрсөтүүчү пленкалар жана Брайл шрифиндеги бюллетендер болот. Бардык шайлоо участоктору начар көргөн шайлоочуларга чоңойтуучу көз айнектер менен жабдылган. Френел линзасы бар жалпак оптикалык чоңойткучтар ийкемдүү, чыдамдуу пластиктен жасалган жана үч эсе чоңойтот. Ошондой эле, шайлоо участкаларында көрүүсү начар шайлоочулар үчүн брайл бюллетендери жана ошол эле трафареттер берилет», — деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн өлкөдө парламенттик шайлоо өтуп жатат. Саат 12:00го карата маалымат боюнча 624 миң 598 шайлоочу добуш берди.

Количество просмотров: 60