Өлкөдө 96 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бар. Бул тууралуу КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова айтты.
«Биздин тизмеде катталган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 96 миң, алар азык-түлүк жардамына муктаж. Азыр көптөгөн адамдар жумушсуз калганын түшүнөбүз, алар дагы бизге кайрылышса болот жана 1227 номери аркылуу социалдык-психологиялык жардам алса болот», — КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова.
КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин орун басары Мирлан Пархановдун айтымында, элдик жардам штабы муктаждарга даректүү тамак-аш жеткирүү жана таратуу боюнча ыктыярчылар үчүн кыска курстарды өткөрөт.
«Бүгүнкү күндө 500-600дөн ашык адамга окутуу жүргүзүлдү , ошондой эле 150-200 айдоочу окуудан өтттү. Муктаждардын тизмеси күн сайын толукталып иштелип чыгууда», — деп билдирди Мирлан Парханов.