• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өлкөдө быйыл канча бала мектепти аяктаары айтылды

14 Бугу 2020 16:37 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда быйыл 59 миңдей окуучу 11-классты бүтүрөт. Анын ичинен 1253 окуучу артыкчылык аттестатына талапкер.
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-классты аяктап жаткан бүтүрүүчүлөргө караганда  9-классты аяктап жаткандар көп. Алардын саны 104 миңди түзөт.

Коронавируска байланыштуу карантинден улам башка мекеме-ишканалар сыяктуу эле мектептер да убактылуу жабылган. Учурда окуучулар аралыктан билим алып жатышат. Жалпы билим берүү уюмдары март айында каникулга эрте чыккандыгына, май айындагы майрамдарга байланыштуу жана окуучулар программаны толук түшүнүп өздөштүрүшү үчүн быйылкы окуу жылы 30-майда аяктайт.

Количество просмотров: 53