• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Өлкөдөгү эң коррупциялашкан мамлекеттик органдар аталды

24 Үчтүн айы 2020 10:15 Бишкек Govori.TV

Улуттук статистика комитети 2019-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата элдин мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишеним индексин жарыялады.

Кыргызстандыктардын пикири боюнча, эң коррупциялашкан органдар төмөнкүлөр:

  • Мамлекеттик бажы кызматы;
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги;
  • Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары — Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары;
  • Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;
  • Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы);
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду;
  • Мамлекеттик салык кызматы;
  • Экономика министрлиги;
  • Финансы министрлиги.

Ал эми төмөнкү 10 органга коррупциялык иштерге барбайт деп көбүрөөк ишенишкен:

  • Жергиликтүү мамлекеттик администрация;
  • Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараты;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;
  • Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;
  • Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги;
  • Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети;
  • Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду;
  • Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;
  • Социалдык фонд.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Количество просмотров: 477