• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өлкөдө комуз күнүнө карата иш-чаралар өтөт

6 Аяк оона 2019 10:41 Бишкек Govori.TV

8-9-сентябрь күндөрү Комуз күнүнө карата өлкө аймагында бир катар иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

“8-сентябрда саат 10:00дө Ысык-Көл облусуна караштуу Корумду айылындагы Карамолдо Орозовдун айкелинин алдында салтанаттуу иш-чара өтөт. 9-сентябрда саат 10:00дө Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында «Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү» аттуу илимий практикалык конференция уюштурулат. Ошол эле күнү саат 12:30да Бишкекте Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдындагы эскерүү иш-чарасы болот. Саат 16:30да Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында «Комуз-улуттук сыймык» аттуу залкар комузчулардын көргөзмөсү өтөт. 18:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында «Таңшы комуз» аттуу гала концерт уюштурулат”,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин 9-сентябрды Кыргыз Республикасында жыл сайын белгиленүүчү  «Комуз күнү жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Количество просмотров: 59