• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Өлкөдө коронавирусту дагы 5 дарыгер жуктуруп алды

10 Чын куран 202010:24 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө коронавирусту дагы 5 дарыгер жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

«Буга чейин 34 дарыгер коронавирусту жуктуруп алганы белгилүү болгон. Илдетти дагы беш медик жуктуруп алды. Бүгүнкү күндө коронавирус 39 медкызматкерден табылды», — деди Каратаев.

Алардын ичинен:
• Бишкекте – 8
• Чүй — 1
• Ош облусунда – 21
• Жалал-Абад облусунда – 8

• Баткен облусунда – 1

Количество просмотров: 966