• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өлкөдөн $23 млн чыгарып кеткен жаран Мадагаскардан кармалды

23 Баш оона 202313:45 Бишкек Govori.TV

Издөөгө алынган кыргызстандык жаран Мадагаскардан табылып, мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милициядан билдиришкендей, ИИМдин Интерпол улуттук бюросунун Башкы прокуратура менен биргелешкен ишинин натыйжасында Мадагаскар аралында 1983-жылы туулган С.А. аттуу жарандын өздүгү такталып, Кыргызстанга жеткирилди.

Ал республикада жайгашкан банктарынын биринин кызматкерлери аркылуу 4 адамдан турган кылмыштуу топ түзүшүп, өлкөдөн мыйзамсыз түрдө акча каражатын алып чыгып кетишкен. Ошентип, мамлекеттин мыйзамдуу корголгон кызыкчылыктарына 23 млн доллар өлчөмүндө зыян келтирген.

Количество просмотров: 171