• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Өлкөгө «AstraZeneca» вакцинасынын биринчи партиясы келди

31 Теке 2021 11:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга «COVAX» механизми алкагында коронавирус инфекциясына каршы 226 миң 560 доза «AstraZeneca» вакцинасынын биринчи партиясы келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жүктү кабыл алуу учурунда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө жана «COVAX» механизмине катышкан өлкөлөрдүн Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө өлкөгө акысыз көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Эпидемияга даярдыкты камсыздоодогу инновациялар үчүн коалициясынын бардык катышуучу өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнө, Вакцинация боюнча Глобалдык Альянска жана «ЮНИСЕФ», ошондой эле «COVAX» механизмине катышкан өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиргим келет. Өлкө жетекчилиги коронавирус инфекциясына каршы калкты вакцинациялоого приоритеттүү маани берет, бул өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртууга, оорунун деңгээлин кыскартууга, экономикалык ишмердүүлүк үчүн жагымдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, окуу процессин салттуу формада жандандырууга мүмкүндүк берет. Мен жарандарды коронавирус инфекциясына каршы эмдөөгө чакыргым келет, эмдөө сизди жана жакындарыңыздын ден соолугун коргойт», — деди Жылдыз Бакашова.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасы бардык процедуралардан өткөндөн кийин, 2020-жылдын сентябрь айында 190 өлкө мүчөсү катары камтылган «COVAX» платформасынын мүчөсү болду. Европа биримдигиндеги өлкөлөрдө «AstraZeneca» вакцинасын болжол менен 49 млн адам алган, ал эми Кыргызстанда бүгүнкү күндө «AstraZeneca» вакцинасын 1285 адам алды.

Жылдыз Бакашова эл аралык өнөктөштөр менен жалпы максаттарга жетишүү үчүн Министрлер кабинетинин мындан аркы тыгыз кызматташтыкка даяр экендигин билдирди.

«COVAX» механизми COVID-19 илдетине каршы вакциналарга бирдей жана акыйкат жеткиликтүүлүгүн камсыздоону колдоого алат, бул пандемияны токтотуунун маанилүү шарттарынан болуп саналат деп белгиледи Кыргызстандагы БУУ тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело. «COVAX» глобалдык демилгесинин бөлүгү катары саналган «ЮНИСЕФ» жана ДСУ, ошондой эле өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөрдүн биргелешкен күч-аракетине жараша, биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн өлкөгө вакцина жеткирүү ишинде колдой алдык. Эми ар бири туура чечим кабыл алуусу керек: вакцинация кылуу менен биз жакындарыбыздын өмүрүн сактап жана COVID-19дан коргоп калууга жардам беребиз», — деди ал.

Европа биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр белгилегендей, COVAX механизми аркылуу берилген вакциналар өлкөдө жүрүп жаткан вакцинация кампаниясына олуттуу көмөк көрсөтөт. 

«Кыргызстандагы эмдөөлөрдүн көрсөткүчтөрү жакшырып жаткандыгына кубанып жатабыз жана бул вакцинанын партиясы менен өнөктүк иши мындан да ийгиликтүү болот деп ишенебиз. Бул биринчи гана этап, анткени биз жалпы 2,6 млн дозаны жеткирүүнү көздөп жатабыз, бул кыргызстандыктардын 20% вирустан коргоого жардам берет. Көпчүлүк донорлор колдоого алган COVAX программасы жок болсо, мунун бардыгын ишке ашыруу мүмкүн болмок эмес, анын ичинде Европа Биримдигинин 1 миллиард евро салымы бар», – деди Эдуард Ауэр. 

Количество просмотров: 139